super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаровдун Москвага жасаган иш-сапары аяктады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 19-21-октябрь күндөрү Москва шаарына болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.

Расмий сапардын жүрүшүндө Акылбек Жапаров Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен биргеликте Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоого карата Орусиянын Мамлекеттик академиялык чоң театрында уюштурулган Кыргызстандын Орусиядагы Маданият жана искусство күндөрүнүн ачылыш аземине катышты.

Маданий кечеге министрлер кабинетинин жана Орусия өкмөтүнүн толук курамы, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эки мамлекеттин жарандары жана маданият кызматкерлери чакырылган.

Расмий сапарга байланыштуу кеңейтилген маданий программалар уюштурулган, Акылбек Жапаров Кремлдин музейлерине да барды.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Кремль дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду.

Мындан тышкары ал Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин жетекчилиги алдында министрлер кабинети менен Орусия өкмөтүнүн биргелешкен жыйыны болуп, ар кандай тармактарда эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери сүйлөшүлүп, бир катар документтерге кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: