super.kg logo

Чүйдө МАИ кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектелгендерди колго түшүрдү

 

Чүй облусунун аймагында адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-октябрда болжол менен саат 21:00 чамасында кызматтык милдетин аткарып жүргөн жол тескөөчүлөргө бир жаран Кой-Таш айылында белгисиз 4 адам урушуп жаткандыгын кабарлаган.

Маалыматты тактоо үчүн жерине барган Кайгуул кызматынын кызматкерлери болжолдуу 40 жаштагы жарандын жансыз денесин табышкан. Натыйжада жол тескөөчүлөр ыкчам кармоо иштерин жүргүзүшүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары маркум менен бирге спирт ичимдиктерин ичишкен 34 жана 48 жаштагы жарандарды кармашкан. Алардын бири качып бара жаткан жеринен, бири үйүнүн ичинен колго түшкөн.

Учурда дагы бир шектүүнү издөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: