super.kg logo

Рамзан Кадыров баш болуп... Бетербиевди Грозный аэропортунда расмий тосуп алышты

 

Жеңил салмактагы бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Артур Бетербиевди Грозный аэропортунда улуттук бийлер жана күйөрмандары коридор болуп тизилип тосуп алышты. Ага Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров да катышты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Бетербиев Грозныйга биринчи жолу The Ring, WBC, IBF жана WBO версиясы боюнча жеңил салмактагы дүйнө чемпиону (79,4 килограммга чейин) үчүн күрөштө Дмитрий Биволду жеңгенден кийин барды.

Грозныйдын эл аралык аэропортунда мушкерди тосуп алуу үчүн республиканын расмий өкүлдөрү, мушкердин күйөрмандары, бий ансамбли, ошондой эле ар кайсы топтордун жана ишмердүүлүк тармактарынын өкүлдөрү чогулушту.

Эске салсак, 12-октябрда Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында “Жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону” наамы үчүн уюштурулган беттеште мушкер Дмитрий Бивол Канаданын атынан чыккан орусиялык мушкер Артур Бетербиевге жеңилип калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: