Албанияда мурунку президент кармалды
Албаниянын экс-президенти Илир Мета коррупцияга шектелип кармалганын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта мурдагы президент Мета Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын прокуратуранын (SPAK) чечими менен кармалганы айтылат.
"Ал мүлкүн жашырганга жана коррупцияга шектелүүдө" деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Мета өлкөнү 2017-жылдан 2022-жылга чейин башкарган. Ал эми 2009-2010-жылдары Албаниянын тышкы иштер министри, 2010-2013-жылдары экономика, соода жана энергетика министри болуп иштеген.
Басылма белгилегендей, июнь айынын ортосунда Мета үй-бүлөнүн мүлкү боюнча атайын прокуратуранын тергөөчүлөрүнө көрсөтмө берип, каржы маселеси менен эч качан алектенбегенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.