super.kg logo

Сокулукта көчөдөн топ балдар мушташып, аларды унаа коюп кетти. Окуянын чоо-жайы   

 

Сокулук районундагы жол кырсыгы боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-октябрда Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Ала-Арча" ресторанынын жанында жол кырсыгы болду деген маалымат келип түшкөн. Аталган факт катталып, тергөө иштери башталган.

Жыйынтыгында тойкананын жанындагы көчөдөн балдар мушташып, кубалашып баратканда, 2001-жылы туулган К.М. аттуу жаран өзүнүн унаасы менен өтүп баратып аларды сүзүп кеткен.

Ал эми мушташка шектүүлөр 1996-жылы туулган Б.К. жана 1999-жылы туулган И.Б. аттуу жарандар алган жаракатынан улам Сокулук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле жогорудагы мушташ боюнча 1996-жылы туулган Ч.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 1999-жылы туулган И.Б. ооруканада кайтарууга алынды.

Бул ишке шектүү делген үчүнчү жаранга издөө салынып, азыркы учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: