super.kg logo

Жалал-Абадда курман болгон Ички аскерлердин аскер кызматкерлерине арналган аллея ачылды

 

Кечээ, 21-октябрда Жалал-Абад шаарында кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон Ички аскерлердин аскер кызматкерлерине арналган эскерүү аллеясынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чара аскер бөлүгүнүн аймагында өтүп, баатырдык менен курман болгондордун ысымдары жазылган эстелик ташы орнотулду. Ачылыш аземине ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ички аскерлердин колбашчысы Дамир Алыбаев, аскер бөлүгүнүн жетекчилиги, ардагерлер, курман болгондордун туугандары жана ички аскерлердин кызматкерлери катышты.

Алгач Ниязбеков сөз сүйлөп, бул баатырлар 1999-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта, өлкөбүздө болуп өткөн окуяларда, эли-журтубузду коргоп, курман болушкан эр-азаматтар экенин баса белгиледи.

Алардын жаркын элестерин унутпай, үлгү катары көрсөтүп кетишкен эрдиктерин кийинки жаш муунга өрнөк кылып калтыруу максатында, сиздер менен биргеликте ушул аллеянын ачылышын жасап жатабыз. Бул жер жөн гана аллея болбостон, мекенге болгон сүйүүнүн жана биримдиктин символун чагылдырып, “намыс - өмүрдөн кымбат” экендигин ачык көрсөтүп, даңазалап турат”, - деди ИИМ башчысы.

Саамалыктын жүрүшүндө гүл коюу аземи, бир мүнөттүк эскерүү жана курман болгондордун жаркын элестерин эскерүү сөздөрү айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: