super.kg logo

Ошто Яндекс Go тиркемесинде мопед менен жеткирүүчү жаӊы тариф ишке кирди

 

Яндекс Go Жеткирүү кызматы Ошто өз мүмкүнчүлүгүн кеӊейтти жана мопед менен жүк жеткирүүчү жаӊы тарифти ишке киргизди. Эми чакан буйрутмалар тезирээк жеткирилет, ошондой эле ар кандай факторлорго, анын ичинде буйрутманы алуу жана тапшыруу дарегин алууга, аба-ырайынын шарттарына жараша тариф тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болду, мопед жана автоунаа менен жеткирүү акысынын айырмасы 20% чейин болот.

Мопеддер абдан тез жүрөт жана аларды токтотууга орун табуу оӊой – бул жеткирүү убактысын кыскартууга жардам берет. Бирок мопедде жүктүн салмагы он килограмм менен чектелерин эске алуу керек.

Яндекс Go Жеткирүү кызматы Ошто 2023-жылы жеӊил жана жүк ташуучу автоунаада жүк жеткирүү тарифтери (чакан жана орто кузов) менен иштей баштаган. Яндекс Go, Яндекс Жеткирүү – элге жеткирүү жана/же башка кызматтарга өтүнмө берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн маалымат сервистери. Тейлөөнү сервистин өнөктөштөрү ишке ашырат.

«Мото менен» жаӊы тарифин колдонууда шаардык сервистер үчүн Яндекс Go акысыз тиркемесин App Store жана Google Play аркылуу көчүрүп алуу зарыл. Тиркеме iOS жана Android үчүн кыргыз, орус, англис жана башка тилдеринде жеткиликтүү. Жаӊы тарифти жана сервис аркылуу мопед менен жүк жеткирүү кызматын пайдаланып баштоо үчүн тиркемени акыркы версияга чейин жаӊыртыӊыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: