super.kg logo

Түндүк Корея: "Орусияда биздин аскерлер жок"

 

Түндүк Кореянын БУУдагы өкүлү "Түндүк Кореянын аскерлерин Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн Орусияга жөнөтүү тууралуу маалыматты четке кагып, бул айыптоолорду “негизсиз ушак” деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Буга чейин Түштүк Кореянын чалгындоо кызматы Түндүк Кореянын аскерлеринин “чоң масштабдуу” жайгаштырылышын жарыялап, Орусиянын Алыскы Чыгышында 1500 атайын күчтөрдүн жоокери даярдалып жатканын билдирген. Украинанын президенти Владимир Зеленский да кагылыш болгон аймакка Түндүк Кореянын 10 миң аскерин жөнөтүүгө даярдыгын билдирген.

Ал эми Орусия Түндүк Кореянын аскерлери бар экени тууралуу маалыматты расмий тастыктаган жок. Бирок Орусиянын Сеулдагы элчиси кырдаалга комментарий берип жатып, Түндүк Корея менен аскердик кызматташуу “Корея Республикасынын коопсуздук кызыкчылыктарына каршы багытталган эмес” деп баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: