super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жумабеков шайлоолорду иш күндөрү өткөрүүнү сунуштады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков шайлоолорду иш күндөрү өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-октябрда парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү анда калктын электораттык активдүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы маселелерди көтөрдү.

"Шайлоолор дем алыш күндөргө туш келет. Эл дем алыш күндөрү өз тиричилигин бүткөрүп алайын дейт. Бирөөлөр эс алат, башкасы бир жакка кетет, дагы бири конокко барат дегендей. Мындан улам шайлоолорду дем алыш күнгө дайындоо - калктын шайлоого активдүү катышпай жатканына себеп болууда деп эсептейм. Шайлоолорду иш күндөрүнө дайындасак кандай болот?" - деди Жумабеков.

Борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова анын сунушун колдой турганын айтып, көп өлкөлөрдө мындай практика бар экенин белгиледи.






Жогорку Кеңеш 22.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: