super.kg logo
  Саясат  

Министрдин орун басары Имангазиев Абхазиядан кирген унаалар мыйзамсыз болуп эсептелерин айтты

 

Абхазиянын көз карандысыздыгын Кыргызстан тааныбайт, андыктан ал жактан алып келинген унаалар өлкө ичинде мыйзамсыз болуп эсептелинет. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

"Кыргызстан Абхазияны Грузиянын ажырагыс бөлүгү катары карайт. Мындан улам өлкө Абхазиянын унааларынын номурларын жана башка документтерин тааныбайт. Демек, биздин компоненттүү органдар өлкө тааныбаган мамлекеттин номуру бар транспорт каражаттарын каттабайт жана өлкө ичинде жүрүүсүнө уруксат бербейт", - деди ал.

Ошондой эле Имангазиев Армения мамлекетинен келген унаалар өлкөгө мыйзамдуу кире турган болсо эч кандай тоскоолдуктар болбой турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Армения менен Абхазиядан кирген унааларды каттоодо оорчулук жаралып жатканы коомчулукта байма-бай айтылып келет. Бул маселе парламентте дагы бир нече ирет көтөрүлгөн. Депутат Улукбек Ормонов ал өлкөлөрдөн мурун кирген унаалар үчүнчү, төртүнчү адамдардын колуна өтүп кеткенин, аларда эч кандай күнөө жок экенин айтып, ошол учурда унаалардын өлкөгө кирип кетишине Бажы жана Чек ара кызматтарын күнөөлөгөн болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: