Садыр Жапаров иш сапар менен Казань шаарына барат
Президент Садыр Жапаров 23-24-октябрда Татарстандын Казань шаарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев бүгүн, 22-октябрда билдирди.
Айтымында, анда өлкө башчысы БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.
“Ушул жылдын 24-октябрында Казань шаарында БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйыны болот. Алдыдагы жыйынга көп тараптуулукту чыңдоого, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого жана глобалдык күн тартибине багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат”, - деди Азымбакиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

