Кыргыз волейболчулары Түркмөнстанды дагы утуп алды
Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Ташкентте өтүп жаткан Орто Азия чемпионатында (CAVA) ийгиликтүү ат салышууда.
Бүгүн, 22-октябрда биздин команда Түркмөнстанды 3:1 эсебинде жеңип, турнирде алдыңкы орунду ээлеп, финалдык бөлүккө жолдомо алды. Кийинки оюнун кыргыз волейболчулары Ооганстанга каршы өткөрөт.
Буга чейин Кыргыз курама командасы Мальдив аралдары жана Тажикстандын командаларын 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, мелдештин кожоюндары Өзбекстандын курама командасы менен кыйыын беттеште да (3:2) жеңишке жетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















