super.kg logo
  Спорт  

Балбан Раззак Бейшекеев Албанияда тарыхый жеңишке жетип, Дүйнө чемпиону болду

 

Кыргыз балбаны Раззак Бейшекеев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда алтын байге утту.

Дүйнө чемпиондугуна грек-рим күрөшү боюнча 67 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны финалга чейин жетип, финалда грузиялык Гиорги Чхиквадзе аттуу балбан менен кез келди.

Бүйүр кызыткан финалдык беттеште Раззак Бейшекеев грузиялык балбанды 6:1 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиону болду.

Бул жеңиш Кыргызстандын тарыхындагы тарыхый жеңиш болуп калды. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча бир дагы кыргыз балбаны 23 жашка чейинкилер арасында алтын байге ута алган эмес.

Ал эми эркин күрөштө бул көрсөткүчкө Эрназар Акматалиев менен Улукбек Жолдошбеков жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: