super.kg logo

Израиль "Хезболланын" учкучсуз учагы Нетаньяхунун уктоочу бөлмөсүнө тийгенин тастыктады

 

19-октябрда "Хезболла" Ливандан учурулган учкучсуз учак Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Кесариядагы резиденциясына тике сокку уруп, уктоочу бөлмөнүн терезесине тийген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Журналисттердин айтымында, дрондор Израилдин премьер-министринин уктоочу бөлмөсүнүн терезесине тийген. Бирок Ливандын учкучсуз учактары ал жер катуу корголдуктан олуттуу зыян келтире алган эмес.

"Хезболла" Нетаньяхунун Кесария шаарындагы жеке резиденциясына 19-октябрда кол салган. Ливандын аймагынан үч учкучсуз учак учурулуп, анын экөө кармалып калган. Израилдин премьер-министринин кеңсесинин маалыматы боюнча, сокку урулган учурда Нетаньяху резиденцияда болгон эмес.

Sky News Arabia булактары Нетаньяхунун Кесариядагы үйүнө бомба түшкөнүн билдирген. Кол салуу учурунда шаарда абадан сокку урган сирена жаңырган.

22-октябрда "Хезболла" Нетаньяхунун резиденциясына жасалган чабуул үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: