"Ашууларда кар". Министрлик дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга чакырды (видео)
Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда кар жаап, жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу жумуштары жүрүп жатат. Каттам бар. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, ушундай эле кырдаал Өтмөк ашуусунда да орун алып, кум себүү иштери аткарылууда. Жол ачык.
"Министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.
23.10.2024
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.