Ошто мал уурулукка шектелип 31 жаштагы жаран кармалды

Маалымдалгандай, 20-октябрда аталган райондун милиция бөлүмүнө Мады айыл аймагынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү короосунда байланып турган 1 баш малын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү катары Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган К.уулу К. аттуу тургуну кармалып, камакка алынды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.