super.kg logo

Жалал-Абадда баңги лабараториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

 

Жалал-Абадда баңги лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул туурасында ИИМ бүгүн, 23-октябрда кабарлады.

Ага ылайык, милицияга Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында “А” аттуу жаран ири ѳлчѳмдѳ баңгизатын сактап жана сатып жүргѳндүгү тууралуу маалымат келип түшкѳн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ шектүүнүн аты-жөнү такталып, ал Жалал-Абад шаарында төрөлүп, кийин чет мамлекеттин жарандыгын алган 29 жаштагы Ю.Ф.М. аттуу жаран экени белгилүү болду.

14-октябрда Ф.Ю.М.нын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, ѳз ыктыяры менен 3 литрлик банкага салынган кескин жыты бар болжол менен марихуана баңгизатын тапшырып берген.

"Андан сырткары тинтүүдө сарайынан 5 даана пакетке салынган кескин жыты бар болжол менен 3-4 килограмм марихуана баңгизаты жана 100 миллиграммдык 33 даана медициналык этил спиртинин бош бѳтѳлкѳлѳрү алынды. Ошондой эле ар кандай майда кѳлѳмдѳгү белгисиз суюктуктар, 1 литр кѳлѳмдѳгү желим бѳтѳлкѳгѳ куюлган спирт жыттанган суюктуктар, сода, электр плита, ичинде баңгизат калдыктары менен ар кандай кѳлѳмдѳгү темир идиштер, сита, баңгизат калдыктары менен 3 кайчы, 3 бычак, баңгизат колдонуу үчүн даярдалган атайын идиштер жана баңгизат жасоо үчүн колдонулган ар кандай майда буюмдар алынды", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда шектүүнүн үйүнѳн алынган заттар жана буюмдарга соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: