Парламент Жогорку соттун төрагалыгына Сатыевдин талапкерлигин талкуусуз колдоп берди
Бүгүн, 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин карады.
Депутат Надира Нарматова дароо эле анын талапкерлиги туура тандалганын белгилеп, талкуусуз добушка коюуну сунуштады. Анын сунушун кесиптештери бир добуштан колдошту.
Жыйынтыгында Сатыевдин талапкерлигин кароо маселеси добушка коюлуп, жыйынга катышып жаткан 78 депутаттын 75и колдоду, каршы добуш бергендер болгон жок.
Буга чейин Жогорку соттун төрагалыгына анын талапкерлигин Судьялар кеңеши сунуштаган болчу.
Белгилей кетсек, аталган кызматты Замирбек Базарбеков аркалап келген. Ал кызматтан кетүү тууралуу өзү жазган арызынын негизинде бошотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

