super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бекешев кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек боюнча маселе көтөрдү

 

Бүгүн, 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын кезеги боюнча маселе көтөрдү.

Жыйында Астана шаарында эки өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон "Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары аркылуу макулдашууга өзгөртүү киргизүү" тууралуу протоколду ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан. Анда "Каркыра" өткөрүү пунктун күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү каралган.

Ал жай айында кыргыз тарапта жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралып жатканын айтып, буга эмне себеп болуп жатканына кызыкты.

"Бир жолу Токмоктун жанындагы чек арадан өтүп жатып, кезекте турган 147 унааны көрдүм. Мындай узун кезек эмнеден улам жаралып жатат? Маселе биз тараптабы же казак тараптабы?" - деди Бекешев.

Чек ара кызматынын директорунун орун басары Таалайбек Тажибаев чек арадан өткөрүү күндүзү гана ишке ашырылгандыктан көйгөй болуп жатканын айтып жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: