super.kg logo
  Саясат  

"100 миң сом эмне деген айып?" Бекешев жалган жалаа үчүн айып салуу мыйзамына каршы добуш берүүгө чакырды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кесиптештерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу тууралуу мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырды.

Эл өкүлү бул мыйзам менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине соттун укуктары берилип жатканына айтты.

"Бул өтө терс таасирин бере турган мыйзам долбоору болуп жатат. Жарандар бир топ укуктарынан ажырайт. Жарандык кодексте "ар бир жаран өз укугун, намысын сот аркылуу коргойт" деп так жазылган. Бул Баш мыйзамда да бар.

100 миң сом эмне деген айып?! Азыр киши өлтүрсөң моралдык компенсация 100 миң сом. А бул жерде кичинекей бала бирдеме жазып же бөлүшүп койсо Маданият министрлиги 100 миң сом салат экен. Бул мыйзам өзү туура эмес", - деди Бекешев.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аталган мыйзам долбоорду кайтарып алууну сунуштаган.






Жогорку Кеңеш 23.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: