Орусияда бир киши мигранттар жашаган жатакананы өрттөп жиберди (видео)
Орусиянын Тверск облусунда мигранттар жашаган жатакананы өрттөгөн адам кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Маалым болгондой, окуя 20-октябрда болгон. Ал киши жатаканага бензин чачып, өрттөп жиберген. Өрттөн качкан жашоочулардын бири экинчи кабаттын терезесинен секирип, жаракат алган. Өрттүн кесепетинен бөлмөлөрдүн бири күйүп, жатакананын коридору жабыркаган. Келтирилген чыгымдын көлөмү такталууда.
Айыпталуучу учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин департамент тактады. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыян келтирүү, беш жылга чейин эркинен ажыратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү өз күнөөсүн моюнуна алып, акчага алданып калганын билдирген.
23.10.2024
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.