super.kg logo

Орусиянын Мамлекеттик Думасы мигранттарга байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизди

 

Орусиянын Мамлекеттик Думасы пленардык жыйында миграциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизген бир катар долбоорлорду биринчи окууда жактырды. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

"КоммерсантЪ" басылмасы билдиргендей , алардын бири мигранттар үчүн комплекстүү экзаменди уюштуруу жана өткөрүү боюнча укуктарды жана милдеттерди үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салуу киргизилди. Эми мигранттарды сынактан өткөрө турган билим берүү уюмдарынын тизмесин түзүүнү өкмөт гана жүргүзөт.

Кошумчалангандай, мыйзамсыз миграцияны уюштуруу үчүн колдонулган документтерди бурмалоо үчүн юридикалык жактардын жоопкерчилигин караган мыйзам долбоору да биринчи окууда кабыл алынды. Алар биринчи жолу мыйзамды бузса 5 миллиондон 10 миллион рублга чейин айып пулга жыгылат. Ал эми кайталанган эреже бузуулар үчүн 10 миллиондон 60 миллион рублга чейин айып пул менен жазаланат. Учурда мындай мыйзам бузуучулар 1 миллион рублга чейин айыпка тартылууда.

Ал эми миграциялык документтерди мыйзамсыз жасатып, колдонгондор 100 миң рублга чейин, кайталап бузуулар үчүн 100 миңден 300 миң рублга чейин айып пул салынат. Учурда жаза 30 миңден 50 миңге чейин жана 50 миңден 100 миң рублга чейин каралган.

Миграция чөйрөсүндө мыйзамсыз кызматтарды көрсөтүү жана мыйзамсыз миграцияны уюштуруу ыкмалары боюнча сунуштары бар сайттардын ишине бөгөт коюу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Учурда “Маалымат, маалыматтык технологиялар жана маалыматты коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: