super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бекешев мопеддерге айдоочулук күбөлүк берүүнү караштырыш керектигин айтты

 

Бүгүн, 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев кыймылдаткычынын көлөмү 50 кубга жетпеген мопеддердин катышуусунда жол кырсыктары көп катталып жатканын айтты.

Жыйында ал мындай транспорт каражаттарына "айдоочулук күбөлүк алуу шартпы?" деген суроо узатты.

Ага "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Бактыбек Шералиев "берилбейт" деп жооп берди. Ошондой эле ал кыймылдаткычынын көлөмү 50 кубдан жогору болгон мотоциклдерди айдайм дегендерге 16 жаштан баштап "А" категориясындагы айдоочулук күбөлүк берилерин кошумчалады.

Эл өкүлү мопеддин айдоочулары дагы жоопкерчилик алуу үчүн аларга айдоочулук күбөлүк берүү каралышы керектигин белгиледи.

Шералиев бул боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: