super.kg logo
  Саясат  

"Ортомчулар кылууда". Депутат Сулайманов "Унаа" мекемесинин жетекчисине кеңеш айтты

 

Бүгүн, 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору Улан Карыпбековго коррупциялык иштер менен алектенген ортомчулардан арылууну тапшырды.

"Мекеме кандай жаманатты болуп жатканын көрүп жатасыз. Мунун баарын араңарда жүргөн ортомчулар кылып жатат. Мен бул жөнүндө мурунку жетекчиге дагы айткан элем. Ортомчуларды жок кылгыла. Муну өз колуңузга алыңыз", - деди ал.

Эске салсак, сентябрь айында аталган ишкананын 10 кызматкери коррупциялык иштерге шектелип кармалышкан. Ишкананын мурдагы директору Рустам Жокоев пара алган деген шек менен камакка алынып, кызматынан бошотулган.

1-октябрда Жокоевдин ордуна Карыпбеков Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: