super.kg logo

Беларуста президенттик шайлоо 2025-жылдын 26-январына белгиленди

 

Беларусь парламентинин төмөнкү палатасы кезектеги президенттик шайлоонун датасын белгиледи. Шайлоо 2025-жылдын 26-январында өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Игорь Карпенко комиссия шайлоо өнөктүгүнүн башталышына азыртадан даяр экенин билдирди.

Беларустун президенти 5 жылдык мөөнөткө шайланат. 2022-жылдагы референдумдан кийин өлкөдө президенттикке талапкерлерге талаптар күчөтүлгөн. Ошентип мамлекеттин эң жогорку кызматына 40 жаштан кем эмес жарандар жана шайлоого чейин 20 жылдан кем эмес Беларуста туруктуу жашаган жарандар гана талапкер боло алат.

Беларустун азыркы президенти Александр Лукашенко 1994-жылдан бери - алты мөөнөт катары менен президент болуп шайланып келди. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында ал кайрадан шайлоого катышуу пландары тууралуу айтып, бирок август айында жарандарды өлкөдө жаңы президент болуп калышы мүмкүн экендигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: