super.kg logo

Бишкекте Батыш автобекети жабылды 

 

Бишкекте Алмата 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы штаттык режимде ишин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүндөн тартып батыш автобекети, анын ичинде "Ак-Жол" кичи автобекети ишин толугу менен токтотуп, аны көчүрүү боюнча иш жүргүзүлдү.

Буга чейин батыш автобекети жана "Ак-Жол" кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен каттачу.

"Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Жол жүрүүнү пландаган болсоңүз, чыгыш багындагы каттамдар Алмата 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен кетет. Батыш аймактарга кеткен каттамдар Фрунзе көчөсү, 209 (РИОМ Унаа базарынан кийин) дарегинен жөнөйт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасы эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: