super.kg logo
  Саясат  

"Сиздин маянаңыз канча?" Сурабалдиева министрдин орун басарын жарга такады (видео)

 

Бүгүн, 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Анда депутат Эльвира Сурабалдиева айып пулдун өлчөмү калктын кирешесине жараша болушу керектигин белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун депутаттарга юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды. Ага ылайык, жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушталууда.

Сурабалдиева министрдин орун басарынан айлык маянасы канча сом экенин сурады. Ага Сыдыков 80 миң сом аларын айтты.

"Эми элестетсеңиз, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 80 миң сом маяна алган жарандар көппү? Орточо айлык маяна 25-30 миң сом болуп жатса, аларга 100 миң сом айып салынса, эртеңки күнү ал адамдар эмне болот? Дүйнө жүзүндө айып пулдар жарандардын эмгек акыларына карата чегерилет. А Кыргызстанда карабайбызбы?" - деди эл өкүлү.

Сыдыков бул боюнча бир катар депутаттардан сунуштар келип жатканын, мыйзам долбоорунун концепциясы колдоо тапса, экинчи окууда айып пулдардын өлчөмү азайтылышы мүмкүн экенин айтты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Ага каттоодон өткөн 80 депутаттын 63ү "макул" болсо, 6 эл өкүлү "каршы" добушун берди.






Жогорку Кеңеш 23.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: