super.kg logo
  Саясат  

Шакиев Орусиянын элчисине кыргызстандыктар чек арадан өтүүдө жана иштөөдө тоскоолдуктарга тушугуп жатканын айтты

 

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач Шакиев Вакуновду элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Жолугушууда соода-экономикалык маселелер да талкууланып, төрага эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү башкы максат экенин кошумчалады.

Андан сырткары эмгек мигранттарына тиешелүү көйгөйлөр да көтөрүлүп, Шакиев кыргызстандыктар чек арадан өтүүдө жана иштөөдө ар кандай тоскоолдуктарга тушугуп жатканын билдирди.

“Бул биздин тынчсыздануубузду жаратпай койбойт”, - деген төрага жаңы дайындалган элчини аталган багытта керектүү иштерди жүргүзүүгө чакырды.

Өз кезегинде Вакунов көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирип, элчи катары айтылган бардык сунуш боюнча иш алып барарын кошумчалады. Мындан тышкары элчи мигранттарга байланышкан жагдайлар жакынкы аралыкта жөнгө салынарын билдирди.

Ошондой эле алакалардын учурдагы абалына токтолгон жаңы элчи жакында эле биринчи жолу өткөрүлгөн эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйыны жана Кыргызстандын Орусиядагы Маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталганын, муну менен катар Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду да жемиштүү иштеп жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: