Бишкекте уурулукка шектелип чет элдик жаран кармалды

Маалымдалгандай, милицияга К.Б. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн биринен, жалпы суммасы 100 миң сомду түзгөн жез кабелдерин жашыруун уурдап кеткен жаран тууралуу айтылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Ыкчам кызматкерлер тарабынан 1987-жылы туулган Ш.Б., аттуу чет элдик жаран аныкталып, кармалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.