super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз мамлекеттик циркине жаңы директор дайындалды

 

Светлана (Асланайым) Аширова А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Маданият министрлигинен билдиришти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, бүгүн, 23-октябрдан тартып Светлана (Асланайым) Аширова Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды.

Жамаатка жаңы директорду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов тааныштырды.

Ал эми цирктин мурдагы директору Рыскул Боромбаев башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу, өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, Светлана (Асланайым) Аширова бүгүнкү күнгө чейин аталган циркте көркөм жетекчи кызматында эмгектенип келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: