super.kg logo
  Саясат  

"Тик учак коштоп кондуруп". Садыр Жапаров Казань шаарына жетти

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, иш сапары менен Татарстандын Казань шаарына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

Мамлекет башчынын борту "Г.Тукай" атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Татарстандын башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.

"Аэропортто БРИКСке мүчө-мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар Садыр Жапаров менен учурашып, улуттук сый тамактарды тартуулашты.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат", - деп жазылат маалыматта.

Президенттин администрациясы жарыялаган сүрөттө мамлекет башчынын учагын атайын тик учак коштоп учуп келе жатканы көрүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: