Футбол: "Илбирс" клубунун жаш футболчулары Кыргызстандын жаштар лигасын жеңип алды



Бишкек шаарынын "Илбирс" футболдук клубунун 19 жашка чейинкилер арасындагы курама командасы Кыргыз Республикасынын жаштар лигасынын чемпиону болду.
ФИналдык оюндар бүгүн, 23-августта Кант шаарындагы "Спорт Сити" стадионунда өттү. Анда "Илбирс" клубу Ош шаарынан келген "Асылбек Момунов атындагы футбол академиясы" командасы менен кез келип, 3:1 эсебинде жеңишке жетти. Ал эми жаштар лигасында үчүнчү орунду канттык "Абдыш-Ата" клубу ээледи. Үчүнчү орун үчүн болгон мелдеште "Абдыш-Ата" Жалал-Абаддын "Мурас Юнайтед" клубун 2:1 эсебинде жеңип алды.
Кыргызстандын жаштар лигасы пилоттук долбоордун алкагында быйыл гана уюштурулуп, өткөрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

