Француз клубу Чемпиондор Лигасында кайрадан сенсация жаратты
Франциялык "Лилль" клубу Чемпиондор Лигасында дагы бир сенсация жаратты. Алар Мадриддеги "Ванда Метрополитано" стадионунда өткөн тайпалык этаптын 3-турунун оюнунда Испаниянын "Атлетико" клубун 3:1 эсебинде жеңишти.
"Атлетико" үчүн жалгыз голду 8-мүнөттө Хулиан Альварес киргизсе, экинчи таймда "Лилль" 3 гол менен жооп кайтарды.
Үч турдан кийин "Лилль" 6, "Атлетико" 3 упайга ээ болушту.
Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын кезектеги турунда "Атлетико" конокто франциялык ПСЖ менен беттешет. Беттешүү 6-ноябрда өтөт. "Лилль" өз үйүндө италиялык "Ювентусту" кабыл алат. Оюн 5-ноябрда болот.
Белгилей кетсек, буга чейин “Лилль” 2-турда “Реалды” 1:0 эсебинде утуп сенсация жараткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.