super.kg logo

"Ар бир кадамыңызды колдойбуз". P. Diddy'нин балдары атасын колдоп билдирүү калтырышты 

 

Америкалык продюсер жана рэпер P. Diddy'нин балдары атасын колдой тургандыктарын билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анда рэпердин алты баласы социалдык тармактар аркылуу атасын колдоп билдирүү калтырышкан. Алар атасын сагынышканын жана ар бир кадамын колдой тургандыктарын билдиришкен.

"Өткөн ай биздин үй-бүлөбүз үчүн оор болду. Көптөр социалдык тармактардагы жалган окуялардын негизинде атабызды жамандагандай бизди дагы жамандашты. Биз бирге сиздин ар бир кадамыңызды колдоп турабыз. Биз чындык үчүн. Биздин үй-бүлөбүздүн бекемдигин эч нерсе сындыра албасын билебиз. Биз сизди сагындык жана жакшы көрөбүз, ата", - деп билдирүү калтырган балдары.

Буга чейин 84 жаштагы P. Diddy'нин апасы Женис Смоллс Комбс да уулун колдой турганын билдирген эле. Ал уулуна өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө мүмкүнчүлүк берилбегенин баса белгилеген.

Эске салсак, 18-сентябрда 54 жаштагы Шон Комбс ири көлөмдөгү кылмыштуу иштерди уюштуруу, адам сатуу жана башка бир катар кылмыштар боюнча айыпталган. Ал камакка алынып, Бруклиндеги федералдык түрмөдө күрөөсүз кармалып турат. Ал эми рэпер ага каршы айтылган бардык айыптарды четке каккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: