super.kg logo
  Саясат  

Жогорку соттун төрагасы болуп Медербек Сатыев дайындалды 

 

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жогорку соттун төрагасы болуп Медербек Сатыев дайындалды. Бул боюнча өлкө башчынын администрациясы бүгүн, 24-октябрда кабарлады.

Кечээ, 23-октябрда парламент Жогорку соттун төрагалыгына Сатыевдин талапкерлигин талкуусуз колдогон.

Сатыев 50 жашта. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

2020-жылдын октябрь айында Кыргызстандын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Кийинчерээк Сот департаментинин директору, ал эми ушул жылдын январынан тарта Жогорку соттун судьясы болгон.

Белгилей кетсек, аталган кызматты Замирбек Базарбеков аркалап келген. Ал кызматтан кетүү тууралуу өзү жазган арызынын негизинде бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: