super.kg logo
  Саясат  

"Жашагым келбей калды дейт". Өмүрзаков жаракат алган аскер кызматчылары тууралуу маселе көтөрдү

 

Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков кызматтык милдетин аткарып жатып жаракат алган аскер кызматчыларынын жөлөк пулун көтөрүүнү сунуштады.

Ал бүгүнкү күндө оор жаракат алган аскер кызматчылары 30-40 миң сом жөлөк пул аларын, бул сумма алардын ден соолугун калыбына келтирүүгө жетпей жатканын айтты.

"Баткен окуясында бир аскерибиздин омурткасына 2 ок тийген экен. Анын аты-жөнүн айтпай эле коёюн. Бүгүнкү күндө ал абдан оор акыбалда. Аны өз энеси жуунтат экен. Бала айтып атат "энемдин ыйлаганын көрүп, жашагым келбей калды" деп. Аларга ден соолугун кайра кабылыбына келтирүү үчүн убакыт керек экен. Дары-дармек кымбат болуп жатат. Андан сырткары аларга психологдор керек. Мындай кызмат учурунда оор жаракат алгандар 20 дай эле бар", - деди Өмүрзаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: