super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Медербек Сатыевди Жогорку соттун жамаатына тааныштырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 24-октябрда жаңы дайындалган төрага Медербек Сатыевди Жогорку соттун жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Жапаров белгилегендей, Медербек Сатыев 1995-жылдан бери сот тармагында иштеп келет, Президенттин администрациясында да иштеген жана кесипкөй адам.

Өкмөт башчы Сатыевге жооптуу кызматында ийгиликтерди каалап, сот адилеттигин жана мыйзамдуулукту камсыздоодогу бийликтин сот бутагынын өзгөчө ролун белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бүгүн Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагасы кылып дайындады.

Кечээ, 23-октябрда парламент Жогорку соттун төрагалыгына Сатыевдин талапкерлигин талкуусуз колдогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: