Депутат Марипов багбандардын көйгөйүн айтып, Айыл чарба министрлигин жардам берүүгө чакырды
Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов Айыл чарба министрлигин багбандардын алмасын экспорттоого көмөк көрсөтүүгө үндөдү.
Ал өлкөгө тыштан кирген алманын көлөмү көп болуп жатканын белгилеп, багбандар алмасын арзан сатууга аргасыз болуп жатканын айтты.
"Алманы сок чыгарган заводдор 2-3 сомдон алып жатыптыр. Алып-сатарлар болсо 20 сомдон 30 сомго чейин алып жатышыптыр. Бүгүнкү күндө багбандардын абалы оор болуп турат. Бул боюнча Айыл чарба министрлигине тапшырма беришибиз керек. Алманы экспорт кылууга жардам бериши керек да. Анан сырттан кирген алманы токтотушубуз керек, өзүбүздө кенен болуп жаткандан кийин", - деди Марипов.
Жогорку Кеңеш 24.10.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

