"1 саат күттүрөт". Депутат Марипов Бишкектеги коомдук транспортко нааразы болду
Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов Бишкектеги коомдук транспортко нааразы болду.
Эл өкүлү тургундар жол кирени электрондук капчык менен төлөөдө акча кабыл алчу жабдыктар иштебей калып, ыңгайсыздыктар жаралып жатканын айтты.
Ошондой эле ал автобустардын келүү аралыгы өтө узак болуп жатканын, айрым убакта жарандар бир саатка чейин күтүп калып жатканын, анысы аз келгенсип автобустун ичи бут коёрго орун жок толук келип, батпай калып жатышканын билдирди. Марипов калаа бийлигин бул көйгөйлөрдү чечүүгө чакырды.
Жогорку Кеңеш 24.10.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

