super.kg logo
  Саясат  

"Алдын ала маалымат бериш керек". Депутат автобекеттин көчүрүлүшү боюнча маселе көтөрдү

 

Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыяр Калпаев автобекеттин көчүрүлүшү боюнча маселе көтөрдү.

Анда эл өкүлү мэрия алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин айтты.

"Кечээ Бишкекте автобекетти көчүрүү иштери болду, азыр ал жердеги таксисттер, биздин жарандар эмне кыларын билбей турат. Мэрия алдын ала 10-15 күн мурун элге маалымат бериш керек эле. Мен жаңы автобекет курулуп, өзгөрүүлөр болгонун колдойм. Бирок элге маалыматты алдын ала жеткирсек болмок", - деди депутат.

Белгилей кетсек, кечээ, 23-октябрда мэрия Батыш автобекети, анын ичинде "Ак-Жол" кичи автобекеттин ишин толугу менен токтотуп, аны көчүрүү боюнча иш жүргүзүлгөнүн кабарлаган.






Депутат автобекеттин көчүрүлүшү боюнча маселе көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: