Бишкек-Ош жолунун 315-чакырымына жаңы көпүрө куруу пландалууда
Транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев менен Япониянын Эл аралык Кызматташуу Агенттигинин өкүлдөрү (JICA) Бишкек – Ош унаа жолунун 315-чакырымына жаңы көпүрө куруу боюнча алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоорду ишке ашыруу үчүн милдеттенмелерин белгилешти.
Ошондой эле кошумча көпүрө куруу Бишкек-Ош унаа жолу аркылуу жүк жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу, коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк бере тургандыгы кошумчаланды.
Долбоор гранттык негизде ишке ашырылат деп болжолдонууда.
Белгилей кетсек, көпүрө куруу учурунда экологиялык жана социалдык маселелерге тийиштүү көңүл бурулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.