super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугу (U-23): Асан Жанышов коло медалга ээ болду

 

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Асан Жанышов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун коло медалына ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 87 килограммга чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/16 финалдык беттеште венесуэлалык балбан Браян Руиз Маринди 10:1 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште армениялык Виген Назарянды 6:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

1/4 финалдык беттеште украиналык балбан Владислав Даягилёвду 6:0 эсебинде жеңсе, ал эми жарым финалдык беттеште оруссиялык Ауэс Гонибошко утулган.

Коло медаль үчүн беттеште америкалык спортчу Пэйтон Жейкобсон Чхиквадзени жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпиондугунун коло медалына ээ болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: