super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызстан терроризмди кескин айыптайт". Садыр Жапаров Эрдоганга көңүл айтты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Анкара шаарындагы теракттан улам болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 24 -октябрда мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдирди.

Анда Жапаров 23-октябрда Анкарадагы "TUSAŞ" компаниясына болгон теракт тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын айткан.

"Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. Жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетүүсүн каалайм.

Кыргызстан терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт жана боордош Түркияны терроризмге каршы күрөшүүдө ар дайым колдойт", - деп айтылат телеграммада.

Эске салсак, кечээ күнү Анкарада "TUSAŞ" заводунда теракт болгон. Анда куралчан адамдар заводго кирип келишип, жардыруу жана ок атуулар орун алган. Теракттан 4 адам каза болуп, 14 адам жарадар болгону айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: