super.kg logo
  Саясат  

"2 күн чек арада жашап көрсүнчү". Депутат министр Бейшеналиев тапшырмасын аткарбай жатканын айтты

 

Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун тургундарынын көйгөйүн көтөрдү.

Анын айтымында, райондун борбору болгон Раззаков шаарында томография жок болгондуктан тургундар Баткен шаарына барууга аргасыз.

"Мен бул боюнча былтыр саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге айттым эле. Алар 200 чакырым алыстыктагы Баткен шаарына келишип, кезек күтүп, түнөп, 2 күн убактылары жолго кетип жатат.

Министрлик былтырдан бери бир дагы жооп берген жок. Саламаттык сактоо министрлигине элдин ден соолугу керекпи же керек эмеспи? Бул өзүнчө маселе болуп калды. Министр өзү чек арада жайгашкан райондо 2 күн жашап көрсүнчү, ошондо билет эле да көйгөйдү. Ушул маселени көзөмөлгө албасак болбойт. Же министр мага "эй, Талиева! Бул деген аткарылбайт. Ишке ашпаган нерсени эле жомок кылып айта бербе!" деген жооп бериш керек эле да. Бул министрге дагы кандай кылып айтыш керек!" - деди Талиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: