ТИМ Анкарадагы теракт боюнча билдирүү таратты
Тышкы иштер министрлиги 23-октябрда Анкара шаарындагы түркиялык “TUSAŞ” компаниясына болгон терактты кескин айыптайт. Бул тууралуу министрлик бүгүн, 24-октябрда тараткан билдирүүдө айтылат.
"Министрлик каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт", - деп жазды ТИМ.
Министрлик Кыргызстан боордош Түркияны террорчулукка каршы күрөштө колдой турганын баса белгилеген.
Эске салсак, кечээ күнү Анкарада "TUSAŞ" заводунда теракт болгон. Анда куралчан адамдар заводго кирип келишип, жардыруу жана ок атуулар орун алган. Теракттан 4 адам каза болуп, 14 адам жарадар болгону айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.