super.kg logo
  Саясат  

"Чуркап жүрөбүз". Депутат Сыдыгалиев Архитектура жана курулуш агенттигинин ишмердүүлүгүн сынга алды

 

Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүн сындады.

"Депутаттар чуркап жүрүп, объекттерди, имараттарды титулга киргизип жатабыз. Анан имараттардын курулушу башталышы үчүн долбоорун түзүүгө 2 жыл кетип жатат. Мен ойлойм, бул курулуш агенттигинин "шалаакылыгы" деп. Эмнеге биз долбоорго киргизген имараттын курулушу ошол жылы башталбайт? "Качан башталат?" деп эле күтүп отурабыз. Жадакалса биз киргизген имараттардын дагы деле долбоорлору түзүлө элек экен. Кимдин күнөөсү? Бул боюнча иш алып барыш керек", - деди Сыдыгалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: