super.kg logo

MBANK алдамчылыктын жаңы түрү тууралуу эскертет: Сак болуңуз!

 

ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK Бишкек шаардык прокуратурасы жана ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте шылуундардын каржылык маалыматтарга кирүү аракетинин жаңы ыкмасы пайда болгондугу тууралуу кардарларына эскертет.

Алдамчылар .apk кеңейтүүсү менен, бирок "сүрөт" деген аталыштагы файлды мессенджерлер аркылуу жөнөтүшөт. Билдирүүдө адатта: "Сүрөттөгү сенсиңби?" же "Сизди бул сүрөттө таанышты" деген сөздөр камтылган. Бул файл кызыктуу көрүнөт, бирок чындыгында зыяндуу программа орнотуу үчүн файл.

Файлды ачкандан кийин вирус түзмөккө кирип кетет, ал атүгүл эки факторлуу аутентификацияны да өтүп жеке маалыматтарга, анын ичинде каржылык каражаттарына кире алат. Ошентип, шылуундар коопсуздуктун көп катмарын айланып өтүп, сиздин эсептериңизден акча уурдашы мүмкүн.

Алсак, акыркы маалыматтар боюнча, 2024-жылдын январь айынан бери ААК «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» МBANK тиркемесине байланыштуу аракеттер боюнча 1288ден ашык билдирүүлөр «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган. Текшерүүлөрдүн негизинде, анын ичинен алдамчылык боюнча 550 кылмыш иши козголгон.

Мындай шылуундуктан кантип коргонуу керек?

1. Шектүү файлдарды эч качан ачпаңыз. Эгер сизге бейтааныш файл же шилтеме менен билдирүү жөнөтүлсө, билдирүү сиз тааныган адамдан келген сыяктуу болсо дагы, жөнөтүүчүнүн тастыктоосусуз аны ачпаңыз.

2. .apk кеңейтүүсү менен файлдарды орнотууга болбойт. Бул орнотуу файлдары. Алардын курамында вирустар болушу мүмкүн, айрыкча алар белгисиз булактардан келген учурда.

3. Күтүлбөгөн тиркемелери бар билдирүүлөрдү кылдат текшериңиз. Алдамчылар көбүнчө социалдык инженерияны кызыгуу же коркуу аркылуу колдонушат. Эгер билдирүү шектүү же күтүүсүз болуп көрүнсө, аны менен аракет этпеңиз.

4. Белгисиз булактардан келген колдонмолорду орнотууну өчүрүңүз. Бул сиздин түзмөгүңүзгө кесепеттүү программанын орнотулуп калуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Телефонуңуздун жөндөөлөрүнөн сиз расмий дүкөндөн башка жүктөлгөн тиркемелерди орнотууга тыюу салган опцияны таба аласыз.

Бул сунуштарды аткаруу шылуундардын тузагына түшүп калуу коркунучун олуттуу деңгээлде азайтууга жана каржы жана жеке маалыматтарыңыздын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет.

ААК Коммерциялык банк Кыргызстан| MBANK Бишкек шаардык прокуратурасы жана ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте кардарларын сак жана этият болууга чакырат! ! Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болуп калган болсоңуз, тез арада чара көрүү үчүн дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз. MBANK байланыш борбору 3333.

MBANK – Биринчи санарип!

КР УБ № 014 Лицензиясы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: