super.kg logo
  Спорт  

Түндүк Кореяны жеңгенден кийин "Ак шумкарлардын" ФИФАнын рейтингиндеги орду белгилүү болду

 

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын (Эл аралык футбол ассоциациясы) жаңыланган рейтингинде 103-орунга жайгашты. Жаңыланган рейтинг ФИФАнын расмий сайтына бүгүн, 24-октябрда жарыяланды.

Рейтингге 211 өлкө кирет. Анын ичинен Ак шумкарлар 1 миң 207 упайы менен 103-орунду камсыздады.

ФИФАнын жаңыланган рейтингинин сап башында Аргентина (1883 упай) командасы жайгашса, Франция (1859 упай) курамасы экинчи орунга жана Испания курамасы (1844 упай) үчүнчү орунга жайгашты.

Ал эми коңшу өлкөлөрдүн ичинен Өзбекстан 58, Тажикстан 105, Казакстан 107 жана Кытай 79-орундарга жайгашышты.

Эске салсак, октябрь айында Кыргыз курама командасы ки оюн өткөргөн. Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун алкагында өткөн оюндарда Кыргызстан Катарга 3:1 эсебинде утулса, 15-октябрда Бишкекте Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде жеңген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: