Дубайда кыргызстандык дайынсыз болуп изделип жатат
Дубай шаарында Кыргызстандын жараны А.Б. дайынсыз болуп изделип жатат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Туугандарынан алынган акыркы маалымат боюнча, ал Дубайдын аэропортунда болгон жана чет жакка учууну пландап жаткан.
"Башкы консулдуктун кызматкерлери аэропортко барган, бирок жыйынтык болгон эмес. Ошол эле учурда Дубай шаарынын иммиграция бөлүмүнөн аталган жаран БАЭ аймагынан чыкпагандыгы аныкталган", - деп жазылат маалыматта.
Азыркы учурда өлкөнүн Башкы консулдугу А.Б.ны издөө боюнча иш-чараларды улантууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.