"Акыркы жолу Суусамырда экенин айткан". 49 жаштагы Кадатаев дайынсыз болууда
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Таалайбек Кадатаев 2 айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жатканын кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын милициясына Ысык-Көл районуна караштуу Жаркынбай айылынын 49 жаштагы тургунун издөө өтүнүчү менен жакындары кайрылышкан. Туугандарынын айтымында, ал август айында Бишкекке жумуш издеп кеткен боюнча кабарсыз болуп кеткен. Кадатаев акыркы жолу үйүндөгүлөр менен 6-августа телефон аркылуу байланышып, Суусамыр өрөөнүндө чабан болуп иштеп жатканын билдирген.
Белгилери: бою 167 сантиметр, салмагы 70 килограмм, бир колунун төрт манжасында "197" деген жазуу бар.
Милиция аталган жаранды көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0312 221 558, 0701 203102 (нөөмөт бөлүмү)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.